ГҮЛЗАР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Түрдүү гүлдөр тигилген, жашылдандырылган жер. Университеттин бет алды жайлоо төрүндөй гүлзар экен (Касымбеков). Булагыңдан суу ичем, Гүлзарыңдан гүл үзөм (Үмөталиев). Арча-Бешик айылындагы үйүмдү, Айлантсам дейм Тютчевдик гүлзарга (Акималиев).